УКМК ооруканада көз жумган Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комментарий берди

УКМК ооруканада каза болгон саясий серепчи Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комментарий берди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Ага ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Марат Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарыгерлер тарабынан сунушталган дары-дармектерди алып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болгон.

"2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Марат Казакпаев анын ден соолугуна байланыштуу жубайынын кайрылуусунун негизинде 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургиясына жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия диагнозу менен жаткырылган.

Ошондой эле 25-майда М.С. Казакпаев кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген.

19-майдан 9-июнга чейин анын жактоочулары медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылган эмес. Мындан тышкары, Казакпаев сот процесстерине өзү катышып жүргөн. 9-июнда эртең менен ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу ал Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган.

Серепчи 10-июнда саат 14:31де №1 шаардык клиникалык ооруканасында мээге кан куюлуп каза болду", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн.

Маалымат үчүн: 2021-жылы 13-апрелде УКМК тарабынан мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалган. Кийин кармалган жарандардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени белгилүү болуп, ал 14-июнга чейин камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан