"Манас" аэропортунда жасалма документ менен чет элдик жарандар кармалды

"Манас" эл аралык аэропортунда жасалма документ менен өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-июнда “Манас” аэропортуна Шарджа-Бишкек аба каттамы менен чет элдик жарандар келген. Паспорттук текшерүүдөн өтүүдө алар чек арачыларга Индонезия Республикасынын чет элдик паспортторун көрсөтүшкөн. Чек ара кызматы документтерди текшерип, паспорттордо жасалмалуулуктун белгилерин аныктаган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө алар Непалдын жарандары экени аныкталып, алардын жанынан табылган чет элдик жасалма паспорттор далил буюм катары алынган.
Тиешелүү протоколдор түзүлгөндөн кийин кармалгандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан