"Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун бир нече кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

"Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча аталган пункттун аскер кызматкерлери А.Д.М., Д.М.Т., Х.Р.Р., Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун түштүк аймагы боюнча башкы дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу Н.С.Т., “Достук” санитардык карантин пунктунун мурдагы башчысы А.З.Ж. кармалды. Мындан тышкары “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз акча өндүрүүсүнө тиешеси бар ортомчулар С.А.Ж., А.Б.Т., аныкталды", - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

Ош шаардык соту тарабынан жогорудагы жарандарга 2022-жылдын 24-июнуна чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

"Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери коррупция фактысы боюнча кармалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан