Бишкекте кызматтык бөлмөсүндө 15 миң сом пара алып жаткан инспектор кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү милицияга А.У., аттуу жаран кайрылып, кайгуул кызматкери андан жол кырсыгы фактысы боюнча материалды кароодо маселени оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом акча талап кылып жаткандыгын билдирген.
"Аталган фактынын негизинде кылмыш иши козголгон. 10-июнда тергөө-ыкчам иш-чараларды өткөрүүдө Бишкек ШИИББинин Милициянын кайгуул кызматынын имаратында кызматтык бөлмөсүндө 15 миң сом пара алып жаткан кенже инспектор Ч.У. кармалган.
Сурак жана башка тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин кармалган кызматкер Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылган маалыматта.