Бүгүн, 11-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогуна тандоо оюндарынын экинчи турдук беттештери өттү. Анда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Мьянма менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңип алды.
"Ак шумкарлардан" эки голду тең чабуулчу Виктор Майер киргизди. Муну менен "Ак шумкарлар" тайпада алты упайга ээ болуп, Тажикстандан кийин экинчи орунга жайгашты.
Кийинки оюнун Кыргыз улуттук курама командасы 14-июнь күнү Тажикстан курамасына каршы өткөрөт.