Бүгүн, 12-июнда Сингапурда өтүп жаткан "UFC 275" турниринде кыргыз мушкери Валентина Шевченко жетинчи жолу чемпиондук наамын коргоп калды.
Ал бул беттеште бразилиялык Таила Сантос аттуу мушкер менен кез келди. Беттеш Валентина Шевченко үчүн оор болду. Бразилиялык мушкер бир нече ирет муунтуу ыкмасын көрүүгө аракет кылды. Бирок кыргыз мушкери мыкты болуп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды.
Муну менен Валентина Шевченко жетинчи ирет чемпиондук наамын коргоп калды. Куттуктайбыз!