«Учак толугу менен күйүп кеткен. Ичиндегилердин бири да тирүү калган эмес” деп билдирди бүгүн, 30-ноябрда Намибия комиссарынын орун басары Вилли Бэмпртон.
Эске салсак, учак Мозамбиктен жергиликтүү убакыт боюнча 11:26да учуп чыккан. Ал Анголага 14:10до конмок экен. Акыркы жолу учак Намибиянын түндүгүндө бара жатканда байланышка чыккан. Бортто 26 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Бийликтегилердин билдирүүсүнө караганда, жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Анголанын жана Мозамбиктин жарандары.