Бишкекте таанышынын 40 миң сомдук телефонун алып качып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте чала таанышынын уюлдук телефонун күрөөгө коюп, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү милицияга арыз менен А.Э аттуу жаран кайрылган. Анда чала тааныш адамы алдамчылык жолу менен 40 миң сомдук уюлдук телефонун 50 миң сомго сатып алам деп убада берип, арыз ээсинин iPhone X үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ломбардга күрөөгө коюп, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"9-июнда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1994-жылы туулган А.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына 15 суткага камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонгон.

Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар же жогун тактоо иштери улантылып жатат.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (704) 433-666, 0 (990) 102-388 же 102", - деп жазылган маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан