Садыр Жапаров жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-июнда жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы - Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан мамлекет башчынын куттуктоосун жарыялады.

"Урматтуу жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жеңил өнөр жай тармагы чакан жана орто ишкерликтин эң динамикалуу өнүгүп жаткан багыты болуп саналат. Анын үлүшүнө өндүрүлүп жаткан продукциянын жалпы көлөмүнүн 3 пайызы жана жалпы өнөр жай тармагында иштегендердин санынын 30 пайызы туура келет. Бул көрсөткүчтөр республикабыздын жеңил өнөр жайы эң көп жумуш орундары менен камсыздап, социалдык маселелердин чечилишине олуттуу салым кошуп жаткандыгын айтып турат.

Ата мекендик тигүү ишканаларынын продукциялары ЕАЭБ өлкөлөрүндө атаандаштыкка жөндөмдүү экени маалым. Ошондой эле республиканын экспорттук товарларынын маанилүү позициясында турат. Буга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекет тарабынан аталган тармактын өзгөчө ролу баса белгиленип, кабыл алынган чечимдер жана албетте, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер түрткү болду.

Жеңил өнөр жай тармагынын ар бир кызматкерине терең ыраазычылыгымды билдирем. Сиздердин жогорку кесиптик чеберчилигиңиздер менен чыгармачылыгыңыздар үчүн чоң ыракмат айтам. Алдыбызда атаандаштык артыкчылыктарын толук пайдаланууга басым жасоо менен, жетишилген деңгээлди бекемдөө жана өндүрүштүн натыйжалуулугун арттыруу милдети турат. Өз ишиңиздерге берилгендигиңиздер жана патриоттуулук бийик духуңуздар менен алдыга койгон максаттарга сөзсүз жетесиздер деп ишенем.

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш тилейм. Ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан