2 күн мурда Бишкек-Торугарт жолунда милициянын кенже лейтенанты кызматтык унаа менен автокырсыкка кабылган. Бул жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кызматкер камакка алынды дешет ИИМдин маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, 11-июнда саат 20:30да Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт жолунда Даймлер Крайслер үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен Дэу-Тико унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганы маалым болгон. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жол кырсыгына кабылган унаалар айып короосуна киргизилген.
Дэу Тико унаасында айдоочудан сырткары жүргүнчү катары 1989-жылы туулган Ш.Т., 2013-жылы туулган С.Б., 2016-жылы туулган А.Б., 2021-жылы туулган Х.Б. жана 2022-жылы туулган Ф.Б. болгон. Бардыгы медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө Даймлер Крайслер унаасынын айдоочусу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн инспектору, милициянын кенже лейтенанты Н.Б. экени такталды. Кызматтык унаада жүргүнчү катары 1996-жылы туулган Э.кызы А. менен Т. кызы К. болгон.
"Бул факты боюнча 312-берененин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн инспектору Н.Б. тергөөгө камсыздалып, учурда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалды.
Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жогорудагы милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, жетекчилигине катуу чаралар көрүлөт", - дешет маалымат кызматынан.