Ушул күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогуна тандоо оюндары өтүүдө.
Бул оюндарда чет элдик клубдарда ойногон 20 жаштагы Эрбол Атабаев менен 17 жаштагы Бекназ Алмазбеков "Ак шумкарлардын" катарында дебюттук оюндарын өткөрүштү. Көпчүлүк интернет колдонуучулары футболчулар жаш болгонуна карабай жогорку деңгээлдеги оюнду көргөзүшкөнүн жазышууда.
Эрбол Атабаев дебюттук оюнун Сингапурга каршы оюнда өткөрдү. Анда ал экинчи бөлүктө Гүлжигит Алыкуловдун ордуна алмашууга чыкты. Ал эми Бекназ Алмазбеков дебюттук оюнун 11-июнда өткөн Мьянмага каршы оюнда өткөрдү. Ал дагы экинчи бөлүктө алмашууга чыкты.
Бул оюндан кийин эки футболчу тең билдирүү жасады.
"Кыргызстан үчүн дебюттук оюнду өткөргөнүмө абдан кубанычтамын. Колдоо көрсөткөн бардык күйөрмандарга ыраазычылыгымды билдирем. Алга, Кыргызстан", - деп билдирүү жасады Эрбол Атабаев.
"Мен Кыргызмын. Колдооңуздар үчүн рахмат", - деп билдирүү жасады Бекназ Алмазбеков.
Эрбол Атабаев Орусиянын "Динамо Махачкала" клубунда ойносо, Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" клубунда ойнойт.