Бүгүн, 13-июнда өкмөт үйүнүн алдында бир нече митинг болуп жатат. Нааразычылык акциясына чыккандардын бир тобу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Алар турак жай маселесин чечип берүүнү президент Садыр Жапаровдон талап кылышууда.
Нааразычылык акциясына чыккан 1-топтогу майып Жаныбек Жумагулов буларга токтолду.
"Майыптар үчүн турак жай маселеси 30 жылдан бери чечилбегендиктен 30 жылдан бери ар кайсы жерде баш калкалап келебиз. Мисалы, мен батирде жашайм. Бүгүн өлкөнүн бардык аймактарындагы майыптар чогулдук.
Майыптыгы барлар үчүн мамлекет тарабынан турак жай каралышы керек болчу, мыйзам деле бар. Бирок ал чыныгы муктаждарга иштебейт. Биз бул маселени президент өзү чечип берүүсүн талап кылабыз. Бизге Садыр Жапаров өзү жолукпаса митингге чыгууну улантабыз", - деди ал.
Жаныбек Жумагулов митингге чыккандардын алдына министрлер кабинетинин өкүлдөрү, алардын жардамчылары чыгып сүйлөгөнүн, бирок алар президентти күтөрүн кошумчалашты.