Баңгизаттарды жеткирүү каналын уюштурууга тиешеси бар Ооганстандын М.И.К. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүдөн өзгөчө ири өлчөмдө ооган тектүү баңгизаттар табылган. Алар 6 килограмм 942 грамм героин жана 9 килограмм 550 грамм гашиш болгон. Кармалган адам баңгизаттарды Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө ташуу жана сатуу үчүн Кыргызстандын аймагына кирүүнү пландаштырган.
"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.
Кармалган адам Баткендин Кадамжай райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын аты-жөнүн тактоодо деструктивдүү диний агымды жактаган адам экендиги аныкталган", - деп жазылат маалыматта.