Москвадагы фестивалда кыргыз бийчилери "Жалын бий" менен байгеге ээ болду

Кыргыз бийчилери Орусияда өткөн фестивалда байгелүү орунга ээ болду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, бийчилер бүгүн Кремль ордосундагы гала концертке да катышат.
Белгилүү болгондой, "Москвадагы жылдыздар" (Звезды над Москвой) аталышындагы бүткүл орусиялык конкурс-фестивалында "Кыз-Жибек" бий ансамбли 2-орунду багындырып калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн мактоосуна татыды. Аталган ансамбль Чүй облусунун Кемин районунан чыккан.
"Кыз-Жибек" бий ансамбли 12 бийчи кызды даярдап "Жалын бий" бийи менен катышты.
Белгилей кетсек, фестивалга 15ке жакын республикадан 500гө жакын бий коллективдери ат салышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан