"О!Деньги" төлөм тутуму финансы кызматтарын пайдалануу мүмкүндүгүн кеңейтүүдө.
Эми "Мой О!" тиркемесинен жана О! кеңири терминалдык тармагынан "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" ЖААКтын (KICB) эсептерин, карталарын толуктоо жана кредиттерин төлөө ыңгайлуу болуп калды.
Тиркемедеги кызматтарды пайдалануу каалаган учурда онлайн төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүндүгүн берет жана банктын бөлүмдөрүнө баруу зарылчылыгынан арылтат.
Колдонуу жөнөкөй:
Комиссия 1,5% түзөт.
Төлөө жөнүндө электрондук дүмүрчөк төлөмдөрдүн тарыхчасында сакталып калат.
"О!Деньги" аркылуу 50дөн ашык кредиттик мекеменин кредиттерин төлөөгө, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Украинанын банктык карталарына жана капчыктарына акча которууга боло турганын белгилей кетмекчибиз.
"О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.