Абакка белгисиз зат алып кирүүгө аракет кылган деп шектелип 18 жаштагы жаран кармалды

Чүйдө №3 абакка тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган деп шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Ата РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июнь күнү саат 04:00дөр чамасында Новопокровка айылындагы №3 мекеменин кайтарылган тосмосунун жанынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылдардын биринин тургуну 18 жаштагы С.Ж.М. тыюу салынган буюмдарды колониянын аймагына өткөрүүгө аракет кылган.

Тинтүү учурунда полиэтиленге оролгон таңгак табылган, анын ичинде баңги заттарына мүнөздүү жыты бар жашыл зат болгон.

"Кармалган жарандын өзү жана бул окуя боюнча материалдар кошумча иликтөө үчүн Ысык-Ата РИИБге өткөрүлүп берилди", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан