Баткенде велосипед уурдоого шектелип 17 жаштагы жаран кармалды

Баткенде 17 жаштагы жаран велосипед уурдап кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Лейлек районунун Раззаков шаарынын 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал өзүнүн короосуна токтотуп койгон 5 миң сомдук велосипедин белгисиз адамдар уурдап кетишкенин жазган.

Уурдоого шектүү катары Раззаков шаарынын 17 жаштагы тургуну велосипедди бекитип койгон жеринен аныкталып кармалган.

"Уурдалган велосипед өз ээсине кайтарылып, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан