Ошто Өзбекстан менен байланыштырган дагы бир жер алдындагы тоннель табылды

Ош облусунун Кара-Суу шаарында жер алдындагы тоннель табылды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, жер алдынан өтүүчү жол жергиликтүү тургундун үйүнөн аныкталган.

Белгилүү болгондой, тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда үйдүн кире беришинен жер астындагы тоннель табылып, аталган үйдүн ээси М.И.М. аттуу Кыргыз жараны экендиги аныкталды.

"Тергөөнүн жүрүшүндө М.И.М. 2021-жылдын сентябрь айында 2014-жылдан бери тааныш болгон Рустам аттуу адам менен кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Өзбекстанга эл керектөөчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган тоннелди казуу боюнча иштерди жүргүзүшкөнү такталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз жараны жасаган күнөөсүн толугу менен моюнга алды. Ал кылмыштын жасалышынын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө органдары менен толук кызматташууга даяр экендигин билдирди. Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан