Футбол: Эрлинг Холанд атасы ойноп кеткен "Манчестер Сити" клубуна өттү

Дортмунддук "Боруссия" футболдук клубунун жана Норвегия курама командасынын чабуулчусу Эрлинг Холанд Англиянын "Манчестер Сити" клубуна өттү. Мындай маалымат англиялык клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, клуб менен футболчунун келишими 2027-жылга чейин түзүлдү. Transfermarkt порталынын маалыматы боюнча, оюнчунун учурдагы трансфердик баасы 150 миллион еврону түзөт.

Эрлинг Холанд клубда бразилиялык Габриэл Жезус ээлеген 9-номерди алышы мүмкүн.

2000-2003-жылдары футболчунун атасы Альф-Инге Холанд "Манчестер Ситиде" ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан