Араван районунун Алля-Анарова айылынын жер маселелери боюнча адиси пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, С.И.И. аттуу жаран жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алып берүү маселеси боюнча оң чечим чыгаруу үчүн андан 300 миң сом талап кылган Алля-Анарова айылынын жер маселелери боюнча адиси Ж.С.Ш. аттуу жаранга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Буга чейин Ж.С.Ш. арыз берүүчүдөн 250 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган.
"9-июнь күнү калган 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен шектүү Ж.С.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына жайгаштырылды", - деп жазылган маалыматта.