Бишкекте окуучу кызга бак кулады. Дарылануусун "Бишкек жашыл чарба" ишканасы төлөйт

Бүгүн, 13-июнь күнү катуу шамалдан улам Бишкек шаарынын Абдрахманов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, анын кесепетинен 13 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучу кыздын баш мээси чайкалып ооруканага жаткырылган.

"Бишкек жашыл чарба" ишканасынын айтымында, кызматкерлери бактарды бутап, куурап калгандарын кыйган. Бирок токтоп турган унаалар көп болгонуна байланыштуу муниципалдык ишкананын атайын техникасы кирип, кооптуу бак-дарактардын бардыгын жок кылууга жетишпей калган.

"Учурда ишкананын жетекчилиги жабыркаган кыздын ата-энеси менен жолугушту. Дарылоону ишкана төлөйт. Ата-энесинин эч кандай дооматы жок", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан