Ысык-Көл облусунун Кароол-Дөбө айылындагы Чоң-Байсоро суусуна 42 жаштагы аял чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Чоң-Байсоро суусуна 1980-жылы туулган А.Г. аттуу аял киши чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан аялдын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти ӨКМдан.