Оштогу Кемпир-Абад суу сактагычына 27 жаштагы жаран чөгүп кетти

Ош облусундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 27 жаштагы эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Правда айылында жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычына 1995-жылы туулган Т.Р. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу тартылып, саат 21:20да кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 14-июнь күнү издөө иштери улантылары айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан