Москвада адам уурдоо, опузалап талап кылуу менен алектенген "Карагердин" кылмыштуу тобу аныкталды

Москвада кримтөбөлдүн атынан иш алып барган, мекендештеринен опузалап акча талап кылган жана ишкердик менен алектенген жарандардын үстүнөн көзөмөлдөөгө аракет кылып жаткан уюшкан кылмыштуу топ аныкталды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришип, топтун ишине бөгөт коюлду дешет.

"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыштуу топту Нарын облусунда туулган 34 жаштагы А.А. башкаргандыгы аныкталган. Бул жаран мурда адам өлтүрүү, каракчылык, тоноо, бейбаштык, алдамчылык үчүн соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, криминалдык чөйрөдө "Карагер" каймана аты менен белгилүү.

Ушул жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргыз жараны кайрылган. Ал “Кузьминки” паркынын аймагынан белгисиз адамдар 32 жаштагы жакын тууганын күч менен унаага отургузуп, андан кийин белгисиз тарапка алып кетишкенин, ушул убакка чейин жакыны белгисиз экендигин билдирген. Мыйзамсыз кармалып жаткан жаранды бошотуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын алкагында Москвадагы ижарага алынган батирден 1990-жылы туулган жабырлануучу И.М. табылган. Аны эркине каршы кармап, туугандарынан 1 миллион 800 миң рубль талап кылышкан. Батирден кылмышка тиешеси бар топтун лидери А.А. кармалган. Андан сырткары батирде Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тургундары, 19 жаштан 40 жашка чейинки ар кандай курактагы 8 жаран болгон. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү делинген 7 адам кармалган. Шектүүлөргө тиешелүү болгон унаалар, Макаров үлгүсүндөгү тапанча алынган.

Кармалган жарандарга карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 3-бөлүмүнүн “а” пункту жана 163-беренесинин 3-бөлүмүнүн “а” пунктунда (Уюшкан кылмыштуу топ жасаган адам уурдоо, уюшкан кылмыштуу топтун өзгөчө ири өлчөмдө мүлктү алуу максатында зомбулукту колдонуу менен опузалап талап кылуусу) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголду", - дешет маалымат кызматынан.

Шектүүлөрдүн буга чейин Москва аймагында катталган ушул сыяктуу эки оор кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды. Учурда зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары, анын ичинде мурда жасалган оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун текшерүү иштери жүргүзүлүүдө деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан