"Катар-2022": Австралия сенсациялуу түрдө Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды

Футбол боюнча Австралия курама командасы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомону утуп алды.

Дүйнө чемпиондугунда ойноо укугуна ээ болгон континенттер аралык плей-офф оюнунда австралиялыктар Перуну пенальтилер сериясында жеңип алышты.

Негизги жана кошумча убакыттарда командалар эсеп санын ача алышкан жок. Австралиялыктар пенальти сериясына жакындап калганда дарбазачысын алмаштырды. Жыйынтыгында пенальтилер сериясында Австралия Перуну 5:4 эсебинде жеңип алды.

Эми Австралия Дүйнө чемпиондугунда Дания, Франция жана Тунис менен бирге "D" тайпасында ойнойт.

Ошентип Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугунун акыркы катышуучусун аныктоо калды. Коста-Рика менен Жаңы Зеландия финалдык Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн бүгүн, 14-июнда ойнойт.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 21-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан