
Ысык-Көлдө көл жээктен 58 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылынын 58 жаштагы К.Т. аттуу тургуну кечээ, 13-июнда эртең мененки саат 09:00 чамасында көл жээк тарапка мал жандыктарын айдап кеткен. Саат 15:40 чамаларында аны жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Ал эми саат 18:00 чамасында үй-бүлөсү анын уюлдук телефонуна чалганда өчүк болгон.
Аталган жаран үйүнө кайтып келбегендиктен Тоң райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө маалымат берилген. Бул бөлүмдөн 5 куткаруучу, райондук ички иштер бөлүмүнөн 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам издөө иштерине чыгышкан.
Издөөнүн натыйжасында бүгүн, 14-июнда саат 10:56 чамасында изделип жаткан кишинин жансыз денеси Шор-Булак айылынын Ак-Курчоо участкасынын көл жээк тарабында табылды. Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө.