Баткенде чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлүнүн диплому жасалма болуп чыкты. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашат.
Комитеттен билдиришкендей, президенттин Баткен районунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Р.М.Т. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы аныкталды.
"Кызматкер 2004-жылы Баткен мамлекеттик университетинде окуганы тууралуу жасалма академиялык аттестат менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридика факультетине мыйзамсыз тапшырган. 2005-жылы Р.М.Т. кайрадан Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 6-курсуна которулган. Жасалма академиялык сертификатты колдонуу менен Р.М.Т. жогорку билими тууралуу диплом алган.
Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмүндө (Документтерди жасалмалоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат", - дешет комитеттен.