Жалал-Абадда 15 жаштагы Абдумалик Султанбаев дайынсыз болуп изделүүдө. Анын жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болбой жаткандыктан жакындары жана милиция кызматкерлери коомчулуктан жардам сурайт.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Абдумалик Султанбаев Сузак районунун Винсовхоз айылынын тургуну. Ал 3-июнь күнү саат 10:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 140-150 сантиметр, кара тору, орто бойлуу, чачтары сары узун, ак жумал, кашы, көзү кара. Бир аз кекечтенип сүйлөйт.
Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү футболка, көк түстөгү чолок шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Абдумалик Султанбаев боюнча кандайдыр бир маалымат билгендер болсо кабарлап коюуну милиция кызматкерлери суранат.
Байланыш номерлери: 03722-7-39-90, 102, 0553780078, 0771936070