Бишкекте 35 жаштагы аялды бак басып калды

Бүгүн, 14-июнь күнү Бишкек шаарынын Абдымомунов жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, анын кесепетинен 35 жаштагы аял жабыркады.

"Тез жардам" кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, 35 жаштагы аялдын оң бут тизесинин сөөгүнүн сынышы, тизе муунунун байламтасынын тартылышы менен клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.

Буга чейин 13 жаштагы окуучу кызга бак кулап, баш мээси чайкалып ооруканага жаткырылганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан