Азия Кубогу: "Ак шумкарлардын" мүмкүн болгон бардык атаандаштары аныкталды

2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна катышчу бардык командалар аныкталды.

Кечээ, 14-июнда Азия Кубогуна тандап алуудагы акыркы турдук оюндар аяктады. Анын жыйынтыгы менен Азия Кубогунун бардык катышуучулары аныкталды.

Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан командалар: Япония, Сирия, Катар, Түштүк Корея, Австралия, Иран, Сауд Арабиясы, БАЭ, Кытай, Ирак, Оман, Вьетнам, Ливан, Палестина, Өзбекстан, Таиланд, Гонконг, Индия, Кыргызстан, Тажикстан, Бахрейн, Иордания, Малайзия жана Индонезия.

Азия Кубогу 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин өтөт. Турнир Кытайда өтөт деп белгиленген. Бирок 2022-жылдын май айында өлкө COVID-19 эпидемиясынан улам турнирди өткөрүүдөн баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан