Globus интернет дүкөнү сиздин күч-кубатыңызды жана убактыңызды сактоочу сервис

Шаардын ритми күн сайын ылдам темпте өсүүдө. Биз ар дайым бир жерге шашып, чуркап, кечигип турабыз. Шаардын мындай ритми бизди убакытты баалоого, башкарууга үйрөтүп, бардык жумуштарды тез бүтүрүү менен өзүбүзгө кам көрүүгө, эс алууга убакыт табууга үйрөтүп жатат.

Онлайн-шоппинг бул убакытты жана энергияны үнөмдөөгө жардам берүүчү эң сонун мүмкүнчүлүк.

Биз эмнени көбүрөөк сатып алабыз? Бул суроо сизди, албетте, ойлондурду туурабы? Биз көп сатып алган товар – азык-түлүк.

Дүкөнгө баруу үчүн унаа тыгынында калабыз, аягы суюлбаган кезекте турабыз... Бирок мындай ыңгайсыздыктардан арылуунун жолу бар. Ал үчүн онлайн сатып алуу жардамга келет.

Globus-online бул жөнөкөй, түшүнүктүү жана ыңгайлуу шоппинг.

Ал кандай иштерин билгиңиз келеби? Ал үчүн төмөнкү шарттарды аткарыңыз:

  • Статьяны окуп чыгыңыз
  • www.globus-online.kg сайты аркылуу буюртма бериңиз
  • Өзүңүздүн башка жумуштарыңызды аткара бериңиз
  • Биз сиздин буюртманы алып келип беребиз
  • Канча убактыңыз менен күчүңүз үнөмдөлгөнүн эсептеп көрүңүз.

Жаңы нерселерди колдонуп көрүүдөн коркпоңуз…

Globus-online интернет дүкөнү кандай түзүлгөн?

Мында ыңгайлуу каталог каралган, анда баары түшүнүктүү жана жөнөкөй категорияларга бөлүнгөн.

Кайсы товарды сатып алууну кааласаңыз, ошол товарды издөөдөн карай аласыз.

Эң башкысы, товардын баалары Globus дүкөнүндө кандай болсо, дал ошондой. Ал эми сиз билгендей эле, Globus дүкөндөр тармагында баалар ар дайым төмөн.

Онлайн-шоппингде арзандатуулар жана акциялар кандай болот десеңиз, дүкөндө кандай арзандатуулар жана акциялар жүрүп жатса, онлайн соода кылууда да ошондой эле акциялар иштей берет.

Эгер сизде Globus'тун картасы болсо, авторизациядан өтүү менен картаңызды арзандатуу үчүн онлайн да колдоно аласыз.

Биз сатып алган товарыңызды бардык убакытта жана каалаган жерге жеткирип беребиз.

Globus-online сервисин колдонуу менен соода кылуу бир канча мүнөттү гана талап кылат. Товар алуу үчүн күн-түн дебей буюртма бере аласыз. Биз буюртманы 90 мүнөттүн ичинде же сиз каалаган убакытка жеткирип беребиз.

Учурда онлайн буюртманы жеткирип берүү акция менен 99 сом болууда. Эгер сиз 5000 сомдон жогору соода кылсаңыз, жеткирип берүү акысыз.

Товар үчүн накталай, карта менен же башка төлөм сервистери менен төлөсөңүз болот.

План менен иштейбиз:

  • Статьяны окуңуз
  • www.globus-online.kg сайтына кирип буюртма бериңиз
  • ….

Ал эми биз сиздин товарды чогултуп, үйүңүзгө жеткирип берүүгө даярбыз.

Бизден соода кылганыңыз үчүн рахмат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан