Баткенде ири өлчөмдөгү баңгизат менен Тажикстандын милиция кызматкери кармалды (фото)

Тажикстандан Кыргызстанга, андан соң Казакстанга ооган тектүү баңгизаттардын ири партиясын ташып сатуу менен алектенген улуттар аралык баңгитобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кармалгандардын бирөөсү Кыргызстандын аймагы аркылуу баңгизат ташуу жана аткезчилик менен алектенген Тажикстандын ИИМнин кызматкери болот.

"Бул кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгү так аныкталган бир нече түзүмдүк бөлүмдөрдөн турган. Кылмышкерлер жашыруун чараларын так сакташып, атайын тескемеден өтүп турушкан. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин тыкыр ишинин жана натыйжалуу аракеттеринин арты менен Тажикстандын, Кыргызстандын жана Казакстандын криминалдык бирикмесинин катышуучуларына чыгышып, алардын лидеринин аты-жөнүн аныкташкан", - деп билдиришти ИИМден.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) алкагында бул ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бир жыл бою жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында улуттар аралык баңгитобунун бардык мүчөлөрү кармалды. Бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу Тажикстандын жараны 1960-жылы туулган О.А. жана шериги Тажикстандын жараны 1982-жылы туулган И.М., Тажикстандын Ички иштер министрлигинин кызматкери, милициянын улук сержанты кармалды.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн табылып алынган ооган тектүү баңгизаттар: 11 килограмм 299 грамм апийим, 21 килограмм 942 грамм гашиш». Баңгизаттардын жалпы салмагы 33 килограмм 241 граммды түзөт.

Азыркы учурда баңгизат менен алектенген бул кылмыштуу топтун башка катышуучуларын жана аларга тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан