Футбол боюнча Коста-Рика улуттук курама командасы континенттер аралык плей-офф оюнунда Жаңы Зеландияны утуп, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна акыркы жолдомону алды.
Беттеш Доха шаарында өтүп, 1:0 эсеби менен аяктады. Чечүүчү голду 3-мүнөттө Жоэл Кэмпбелл киргизди.
Муну менен Дүйнө чемпиондугуна катыша турган бардык 32 команда белгилүү болду. Алар:
A тайпасы: Катар, Эквадор, Сенегал, Нидерланды;
B тайпасы: Англия, Иран, АКШ, Уэльс;
C тайпасы: Аргентина, Сауд Арабиясы, Мексика, Польша;
D тайпасы: Франция, Дания, Тунис, Австралия;
Е тайпасы: Испания, Германия, Япония, Коста-Рика;
F тайпасы: Бельгия, Канада, Марокко, Хорватия;
G тайпасы: Бразилия, Сербия, Швейцария, Камерун;
H тайпасы: Португалия, Гана, Уругвай, Түштүк Корея.
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 21-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт.