Жалал-Абадда ири өрт кырсыгы катталып, бир нече турак үй зыянга учурады

Жалал-Абад шаарында ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-июнь күнү кечинде Жалал-Абад шаарынын Достук кичи районунун Эргашалиев көчөсүндөгү жыгач устундуу тунуке менен жабылган 2 кабаттуу сарайдын чатыры, мончонун 72 чарчы метр чатыры жана 50 түк чөп күйгөн.
Өрт Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан турак үйгө өтүп, аянты 88 чарчы метр турак үй толугу менен, 45 чарчы метр времянка, 15 чарчы метр гараж, 34 чарчы метр бастырма, үй тиричилик буюмдары жана 200 түк чөп күйгөн.
Ал эми өрттүн чордону болгон Эргешалиев көчөсүнүн №61 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу сарайдын 45 чарчы метр чатыры жана өсүп турган теректер күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Бактыга жараша, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Тилсиз жоону өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык №20 өрткө каршы бөлүктөн 4 бөлүм, ИИМ, "Тез жардам" жана РЭТ кызматкерлери катышкан. Тартылган техникалардын жардамында өрт саат 22:47де чектөөгө алынып, саат 02:00дө толук өчүрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан