Чүйдө тоноо фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалыматында жазылат.
Ага ылайык, 24-апрелде милиция кызматына 1961-жылы туулган С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 23-апрель күнү саат 23:30 чамаларында бейтааныш адамдар эч себепсиз уруп, телефонун жана акча каражаттарын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Аталган кылмышка шектелип 1971-жылы туулган С.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.