"РСК Банк" ААКсы COVID-19 кесепеттеринен жапа чеккен ишкерлерди колдоонун алкагында кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө 1 миллион сомго чейин пайызсыз насыя берет.
Долбоор эки категориядагы чакан жана орто бизнести насыялоону карайт:
• Микро ишкерлерге - 250 000 сомго чейин.
- Азыркы учурда ошондой эле 01.07.2018-жылдан тарта 8 айдан кем эмес иштеген жана жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлер.
• Чакан жана орто бизнес - 1 000 000 сомго чейин.
- 01.07.2018-жылдан бери 8 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.
- 01.07.2018-жылдан тарта 8 айдан кем эмес иштеген жана жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган юридикалык жактар.
Насыянын максималдуу мөөнөтү – 18 айга чейин.
Каржылоо максаттары – Операциялык чыгымдар:
Эмгек акысына чыгымдар;
Жабдуучулардан эсеп-фактуралар;
Ижара акысы боюнча чыгымдар;
Коммуналдык кызматтарга чыгымдар (анын ичинде интернет);
Операциялык жүгүртүм капиталы (чийки зат, материалдар, камылгалар, товарлар жана ишкердиктин ишин жүргүзүү/жаңылоо үчүн башка ресурстар).
Кошумча маалымат үчүн (0312) 58-01-20 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот. Же банктын расмий сайтынан www.rsk.kg толук маалымат таба аласыздар.