Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине куткаруучулар жана куткаруу автоунаасы тартылган. Өрт саат 11:38де курчоого алынып, 11:52де толук өчүрүлдү. Жалпы 2 метр чарчы жер күйгөн.
Батирдин ичинен балкону аркылуу 2 чоң киши, 4 кичинекей бала атайын куткаруучу альпинисттик шаймандардын жардамы менен куткарылды.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.