Өлкөдөгү ажылык зыяратка бара тургандардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Белгилүү болгондой, бүгүн ажылык сапарга 405 жаран жөнөдү. Аларды 8 ажы башчы жана штаб жетекчиси, дарыгерлер коштоп кетишти.
Сауд Араб Падышалыгынын (САП) ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766
квота бөлгөн.