"Газпром Кыргызстан" компаниясы келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында 20-июндан 20-июлга чейин Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан газ өткөргүчтөрдүн өтө эскилиги жеткен жерлерин жана эскирген жабдууларды алмаштыруу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.
Оңдоо иштерин эки этап менен өткөрүү пландалууда:
Биринчи этап 20-июндан 4-июлга чейин – абоненттерге газ берүүнү токтотуу жана 78 газ кудукчаларында жана газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү. Аталган иштер «Бишкекгаз» филиалынын Газ өткөргүчтөрдү жана жабдууларды тейлөө кызматы тарабынан жүргүзүлмөкчү. 25-26-июнь жана 2-3-июль дем алыш күндөрү дагы оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Экинчи этап 4-июлдан 20-июлга чейин – өчүрүлгөн райондун аймагында жашаган абоненттерге кезек-кезеги менен жаратылыш газын берүү.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Оңдоо иштеринин негизги максаты – бул келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу сезонуна газ бөлүштүрүүчү тармактарды коопсуз жана стабилдүү колдонуу.
Маалым кат:
Жаратылыш газы төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында өчүрүлөт: Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиев (Ала-Арча д.), Малышев, Касымалы Баялинов (ЧЧК), Журнальная, Жибек Жолу пр.;
Өндүрүштүк ишканаларында: «Кулджа Бик» ЖЧКсы, «Бай тур» ЖЧКсы, «БЖЭ» от казандарында, «Алькони» ЖЧКсы, «Автомаш Радиатор» ЖЧКсы.