Кадамжайда курал-жарак сакталган жай табылды (фото)

Баткен облусунун Кадамжай районунда курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районунун тургуну Э.Р.Б. кармалып, жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

"Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 222ден ашык (5,45, 7,63) ар кандай калибрдеги ок-дарылар, 3 даана ок атуучу курал, 1 даана Ф-1 гранатасы, 230 даана ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскычы табылып алынды.

Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер көрүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан