Орусиялык мушкер Забит Магомедшарипов спорттон кеткени тууралуу UFC уюмуна кабарлады. Бул тууралуу Орусиялык ММА журналисти Игорь Лазорин өзүнүн Telegram каналына жазды.
"Забит Магомедшарипов UFC уюмуна спорттон кеткенин кабарлады. Бул маалымат мага жаңы эле тастыкталды. Өкүнүчтүү, аябай өкүнүчтүү. Мушкер ден соолугуна байланыштуу кайра кайтып келе алган жок", - деп жазды ал.
Забит Магомедшарипов акыркы беттешин 2019-жылдын 9-ноябрында америкалык мушкер Калвин Каттарга каршы өткөргөн. Анда орусиялык мушкер жеңишке жеткен.
31 жаштагы Магомедшарипов ММА боюнча 18 жеңишке жетип, бир жеңилүү ызасын тарткан. UFC'де ал алты беттеште алты жеңишке жетишкен.