Бишкекте өтө турган 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугуна Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев маалымат жыйынында айтты.
"Бишкекке Япониядан 13 балбан келди. Турнир шаардык муз аянтчасынын аренасында өтөт. 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөшкө Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Калмира Билимбек кызы, Сезим Жуманазарова катышат. Грек-рим күрөшү боюнча Нурмухаммед Абдуллаев, Таирбек Жумашбек уулу, Акылбек Талантбеков катышат", - деди ал.
Азия чемпиондугуна 21 өлкөнүн балбандары катышат.
17 жана 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиондугу 19-26-июнь күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтчасынын аренасында өтөт.