Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды. Ал мурда 3 жолу соттолгон, мурдагы укук коргоо органынын кызматкери болуп чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2021-жылдын 17-октябрь күнү Ош шаарында анын ишеничине кирген А аттуу жаран анын Тайота-Камри жана Лексус JX-470 үлгүсүндөгү унаасын алып, акчасын бербестен изин жашырып кеткендигин билдирген.
Шектүү жабырлануучунун унааларын башка бирөөлөргө сатып жиберип, изин жашырып кеткен.
Бул факты боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган. Иликтөө учурунда анын аты-жөнү аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1997-жылы туулган тургуну, мурда 3 жолу соттолгон, учурда дагы Жалал-Абад соту тарабынан "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен сот жообуна тартылаар алдында турган, мурдагы милиция кызматкери М.А. экендиги аныкталды.
"Шектүү М.А. 14-июнь күнү Жалал-Абад шаарынан кармалган. Ал кармоо учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө аракет жасаган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда. Бүгүн Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын карайт.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү кимде-ким бул шектүүдөн жабыр тарткан болсо 03222-6-64-02 жана 0700-50-50-37 номерлери аркылуу байланышып коюуну суранат", - деп жазылган маалыматта.