19-июндан 26-июнга чейин Бишкектеги "Шаардык муз аянтчасында" 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт.
Азия чемпиондугуна 21 өлкөнүн балбандары катышат. Япониялык балбандар Бишкекке келип, машыгуусун өтүүдө. Ал эми Кыргызстандын атынан 60 балбан катышат. Ошондой эле бул Азия чемпиондугунда 6 кыргыз калысы жана 17 машыктыруучу катышат.
Билет баасы бир күн үчүн 350 сом.