Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя ушул жылдын 29-майына караган түнү Майлуу-Суу шаарында болгон. Анда 29-май күнү саат 07:30 чамаларында 55 жаштагы Б.А. аттуу жарандын бети-башы жарылган абалда киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Бул факты боюнча топтолгон материал Майлуу-Суу ШИИБинде катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1978-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жабырлануучу менен ичип отуруп мушташып кетип башына таш менен уруп жиберген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болуп калган.
Майлуу-Суу шаарынын тергөө судьясы шектүүнү 2 айга камакка алып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.