Бишкек шаарындагы Курулушчулар шаарчасы аймагында турак үй күйүп, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июнда саат 18:00 чамасында Курулушчулар шаарчасы кичи районунда турак үйдөн өрт чыккан.
Натыйжада үйдүн 50 чарчы метр жери жана 2 даана терезе күйгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 1959-жылы туулган Т.Б. Мичкаев аттуу жаран 1-даражадагы күйүк алган.
Өрттүн себеби такталууда.