Жалал-Абадда терек кулап, бир үйдүн чатырын басып калды

Жалал-Абадда терек кулап, бир үйдүн чатырын басып калды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айыл өкмөтүнүн Жой-Белент айылында 16-июнь күнү кечки саат 20:00 чамасында катуу шамалдын кесепетинен турак үйдүн үстүнө терек кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук куткаруу кызматынын 1 офицери жана 3 куткаруучусу тартылган.
Тактоо иштеринин натыйжасында Дуулатовго таандык турак үйдүн чатырына 3 даана терек кулагандыгы аныкталган. Жергиликтүү тургундардан 1 экскаватор тартылып, теректер үйдүн үстүнөн алынган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан