Чет элдик жарандардын 3 миллион сомун карактап кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 31-май күнү саат 03:00 чамасында милицияга Лебединовка айылындагы түстүү металлдарды кабыл алуу менен алектенген фирмалардын биринде тоноо фактысы боюнча билдирүү түшкөн.
Милиция кызматкерлери келген учурда белгисиз адамдар 1980-жылы туулган Л.К., 1991-жылы туулган М.Ж., 1984-жылы туулган В.Х., аттуу чет элдик жарандарга физикалык күч колдонуп, ичинде 3 миллион сом жана видеобайкоо камераларынын катуу диски салынган сейфти уурдап кетишкени аныкталган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрө баштаган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 5 адамдан турган топ кармалган:
- Бул кылмыштын уюштуруучусу 1994-жылы туулган М.Д.
-1995-жылы туулган А.Н.
-1995-жылы туулган А.Р.
-1995-жылы туулган Г.М. мурда аталган ишканада котормочу болуп иштеген.
- 1996-жылы туулган Ю.Т.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, аталган фирмада чет элдик жарандар менен котормочу болуп иштеген Г.М бул кылмышты алдын ала пландаштырган. Достору менен бет кап тагынып, темир буюмдар менен куралданып бул оор кылмышты жасашкан.
Учурда кылмышка шектүүлөр милиция кызматкерлери тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.