ПОЭТЕРАПИЯ: "Көрүнбөгөн өксүктөрү ичтерине катылып, көр оокаттын түйшүктөрү сагынычка батырып"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Акбермет Абдибалиева.

Акбермет Абдибалиева 1988-жылы 22-майда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Сай айылында төрөлгөн. 2006-жылы Д.Акматов атындагы орто мектепти аяктаган. 2011-жылы Ош гуманитардык педагогикалык институтунун математика факультетин бүтүргөн, жогорку билимдүү. Ыр дүйнөсүнө балалык кезинен баштап кызыгат. "Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесинин аралаш жыйнагына ырлары чыккан. Үй-бүлөлүү.

БАРГЫМ КЕЛЕТ

Жылдар өттү тоо боорунан чыкканыма суурулуп,
Күндөр, айлар бир-бирине уланышып жуурулуп.
Байкалбастан тынымы жок өтүп мезгил мерчеми,
Кылчайбастан кетип барат, карап койбой бурулуп.

Көздөн өтөт, баягы күн элестери ар күнү,
Кадалам тээ балалыктын сүрөтүнө ар түнү.
Бак аралап кыт-кыт күлгөн шаңдуу үндөр жаңырып,
Түшкө кирет көк шиберлүү тоо гүлүнүн ар түрү.

Тандыр кызып ысык нандын жыты чыккан алыстан,
Тырс чачырап очоктогу учкун чогу капыстан.
Чурулдашып дасторкондо катарлашып тизилген,
Көз ирмемдер сагындырат, күндөр өтүп жарышкан.

Ар күн сайын эрте таңда чай иччүбүз сырдашып,
Ата-энемдин акыл кебин кунт берилип тыңдашып.
Ошондогу баё сезим түйшүгү жок күндөргө,
Баргым келет, канат кагып токтобостон кыр ашып.

Бул ыр аруу, назик, түйшүгү жок балалык кездеримдин элесин сагындырып, ошол күндөргө дагы бир ирмемге барсам экен деген ой-кыялдарга жетеленип отуруп жазылган.

КЫЛЫМ КАРЫТКАН КҮҮЛӨР

Тээ байыртан кылымдарды карыткан,
Комуз аты унутулбас тарыхтан.
Кулак төшөп муң кайгыдан арылып,
Кыргыз калкы өз дүйнөсүн байыткан.

Залкарлардын жадысына жатталып,
Эң алгачы "Камбаркандан" башталып.
Миң кубулган, түркүн күүлөр чертилип,
Эскирбестен келе жатат сакталып.

Эл тагдырын терең ачып берүүдө,
Үч кыл комуз себеп болуп келүүдө.
"Көкөй Кести", "Сынган Бугу", "Ибарат",
Уккан жанга жан азыгын себүүдө.

"Ботой", "Кербез"," Шыңгырама" күүлөрү,
Ар мүнөздүү, ар кыл ыргак түрлөрү.
Бири арман, бири шаңдуу чагылып,
Кээси болсо миң кыялдын түрмөгү.

Кыргыз күүлөрүнө көз жүгүртүп, кылым карытып келе жаткан күүлөрүбүздү унутпай, биз да кылымдарга калтырсак экен деген ойдо жазылган ыр.

СЕНИН КҮЛКҮҢ

Сенин күлкүң дары сымал өзүмө,
Берилемин жан эргиткен сөзүңө.
Канат бүтүп учкансыймын Ааламга,
Маашырлана тигилгенде көзүңө.

Имерилип карап койсоң кылчайып,
Жаным жыргайт назик гүлдөй ыргалып.
Жароокерим жандай басып сырдашсаң,
Ажарланам жылуу жүзүм нур чайып.

Кучак жайсаң эркелете аярлап,
Махабатың бүт денемди аралайт.
Мээрим толгон чын сүйүүңдүн өзөгү,
Жүрөгүмдүн тээ төрүнөн жай алат.

Сенин күлкүң бир өзүңө жарашып,
Бирге бассам узун жолдо жанашып.
Кыялдарым бүт дүйнөнү багынтат,
Асыл жаным сага болуп мен ашык.

АЭРОПОРТТОГУ КӨРҮНҮШ

Аэропортко жолум түштү узатканы инимди.
Кусалыктын азаптары дагы мына билинди,
Ал жердеги көрүнүштү карап туруп бир азга.
Жаным кейип, ызалыктан жүрөк чиркин тилинди.

Аял көрдүм, кичинекей мотурайган бөбөгүн.
Сиңдисине берип турат таппай айтаар сөздөрүн,
Токтобостон көз жаштары, жамгыр сыңар төгүлүп,
Узатты да кала берди эрмек болор жөлөгүн.

Коштошуунун чеги бүтпөй дагы бирөө толкундап,
Эрке кызын узатууда араң гана кол булгап.
Кучагына бекем кысып сүйүп коюп бетинен,
Карек толо ыйы менен артка кайтты жол улап.

Кээ бирөөсү апакесин жөнөтүүдө айылга,
Алыстаткан жашоосуна айласыздан кайыл да.
Коё бербей моюнунан кайра-кайра кучактап,
Улам ага шыбырады аман бол деп дайыма.

Көрүнбөгөн өксүктөрү ичтерине катылып,
Көр оокаттын түйшүктөрү сагынычка батырып.
Чет жердеги жердештердин жүзүн көрүп сумсайдым,
Түгөнбөгөн түркүн ойлор ар тарапка чачылып.

Азыркы учурда Екатеринбург шаарында үй-бүлөм менен эмгектенип жүрөм. Бир жолу бир тууган инимди Кыргызстанга жөнөтүү үчүн аэропортко барганбыз. Бул ыр ошол жерде мигрант болуп жүргөн мекендештерибиздин жакындары менен коштошуп жатышкандарын көрүп, жүрөгүм аябай ооруп, ошол көрүнүштөн улам жазылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан