"224 миң долларын алган". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-май күнү К.Д. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган.

Анда 2019-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарынын Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан нотариалдык кеңселердин биринде Оскон-Ордо конушундагы 5,15 гектар жер тилкесин трансформациялоо маселесин чечүүгө көмөктөшөм деген шылтоо менен ишенимге кирип, 224 миң долларын алып, изин жашырып кеткен Бактыгүл аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1962-жылы туулган А.Б. тергөө кызматына алынган.

Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (709) 08-42-44, 0 (502) 44-11-12 же 102 номерине кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан